Сирияда согушкан Жизактын тургуну мекенине кайтарылды

«Азаттыктын» өзбек кызматы Сириядагы согушта оор жаракат алган 24 жаштагы жаран Өзбекстанга өткөрүлүп берилгенин жазды. Коңшу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, Өзбекстандын Жизак облусунун тургуну былтыр июнь айында Сирияга барып, террордук уюмга кошулуп кеткен.

Ал өткөн жылдын декабрь айында дарылануу үчүн Сириядан коңшу мамлекетке чек арадан мыйзамсыз өтүп жатканда кармалып, Өзбекстанга экстрадицияланганы маалым болду.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Террористтик иш-аракеттерди жүргүзүү максатында даярдоо, чыгып кетүү же саякаттоо” жана “Диний-экстремисттик, сепаратисттик, фундаменталисттик же башка тыюу салынган уюмдар» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Сириянын согуш болуп жаткан аймактарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары, анын ичинде кыргызстандыктар да бар.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 2018-жылдагы маалыматында, Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Related posts

Садыр Жапаров: Чек араны бүгүн чечпесек, кийин оор болот

admin

Бишкекте таштанды челектен табылган ымыркай. Милиция маалымат берди

admin

Парламент Кемпир-Абадды кыргыз-өзбек тарап биргелешип башкаруусун колдоду

admin

Комментарий