Сириядан 99 кыргызстандык алып келинди. Алардын 71и балдар

20-февралда Жакынкы Чыгыштан Кыргыз Республикасынын 99 жараны — анын ичнен 28 аял киши жана 71 бала мекенине алып келинди. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерде жайгаштырылган репатрианттарды кайтарып келүү боюнча кезектеги «Айкөл 5» гуманитардык миссиясы Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулган.

«Кыргыз тарабы оор абалда калган жарандарды репатриациялоо боюнча бешинчи ири  атайын операцияны ийгиликтүү өктөрүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн жана логистикалык колдоого америка тарабына жана эл-аралык өнөктөштөрүнө өзгөчө ыраазычылыгын билдирет»,- деп айтылат маалыматта.

Related posts

Ташиев УКМК Академиясынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшырды

admin

Кемпир -Абад маселесин Ыргал Кадыралиева чечеби?

admin

Садыр Жапаров маданият министри Алтынбек Максүтовду кабыл алды 

admin

Комментарий