«Сиңдимдин кубанычында чек жок». Нарында президент салып берген үйдүн видеосу

Социалдык тармактарда буга чейин кичинекей кыздын өз үйүн президентке тааныштырып жаткан видео тараган. Ал үйдүн 2-3 айдан кийин кулашы мүмкүн экенин айткан эле. Видео Нарындын Ак-Тал айылында тартылган.

Ак-Талаа райондук администрациясы маалымат таратып, дал ушул үй-бүлөгө Садыр Жапаровдун атынан салынган үйдүн документи тапшырылганын билдиришкен.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги президентке кайрылган учурда 5-класста окуган кыздын бир тууган эжеси менен байланышканыбызда, документ берилгенин тастыктап, жума күнү расмий ачылышы болорун билдирди. «Сиңдимдин кубанычында чек жок. Ачылышта сөз сүйлөйм деп жатат. Кудайга шүгүр үйүбүз бүттү. Үнүбүзду угуп жардам кылган ажобузга жана анын аманатын жеткирген балдардын ишине береке берсин. Кайдыгер карабаган элиме, айылдаштарга жана айыл өкмөткө ыраазычылык билдирем. Рахмат», — деди ал.

Булак:Сереп

Related posts

УКМК: Бишкекте милициянын тергөөчүсү пара талап кылып жаткан жеринен кармалды

admin

КР УКМК: Чүй облусунун Кемин шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды

admin

Актер Азиз Мурадиллаевге жакын туугандарынын бири донор болот

admin

Комментарий