УКМК: Бишкекте милициянын тергөөчүсү пара талап кылып жаткан жеринен кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 2-май күнү, Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын лейтенанты А. А. И. пара талап кылуу кылмышы боюнча шектүү катары кармалган.

Бөлөк бир жаранга карата кылмыш ишин козгоо боюнча тиешелүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн, А.А.И. 50 миң сом талап кылган.

УКМК кызматкерлери, ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте кылмышка шектүүнү көрсөтүлгөн сумманы алып жаткан жеринен кармашкан.

Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.

Related posts

7-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Британиянын королу Карл III рак оорусуна чалдыкты

admin

Казакстандын өкмөтү отставкага кетти

admin

Комментарий