Согончогу жана билеги кесилген муз бийчиси Роман Костомаров муз үстүнө чыкты (видео)

Фигурист Роман Костомаров бутунун согончогу кесилгенден кийин биринчи жолу музга чыкты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Эми протездерди колдонууга аргасыз болгон спортчу Сочидеги Айсберг Аренада өткөн «Сүйүү каттары» шоу программасында жубайы Оксана Домнинанын аткаруусунун аяк бөлүгүндө чыкты.

Ушул жылдын 7-февралында белгилүү фигурист Роман Костомаровдун буттарынын согончогунан баштап ампутацияланган, ал эми 13-февралда ал колунун бир бөлүгүнөн ажыраганы белгилүү болгон. Ага чейин спортчу ооруканага түшүп калып, абалы начарлап, жасалма дем алдыруучу аппаратка да кошулган эле. 

булак:Сереп

Related posts

Бишкекте жол кырсыгынан улам унаа көпүрөдөн түшүп кетти 

admin

Матвиенко Садыр Жапаровго орус тилин колдоого алып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди

admin

«Бала-чакасы бир жылкы сойгонго жарабайт». Акылбек Жапаров мындан ары 100, 150 жана 200 жылдык гана белгиленерин айтты

admin

Комментарий