Сот Талас округунан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

Бишкек шаарынын административдик соту Талас округунан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу соттон билдиришти. 

Соттун 28-февралындагы чечими менен Бишкектин экс-мэри Эмилбек Абдыкадыровдун административдик доо арызы канааттандырылган.

«Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 22-февралындагы №4 чечими күчүн жоготту деп табылып, соттун чечими менен БШКнын шайлоо өттү деген токтому жокко чыгарылды», — дешти. 

Буга чейин Бишкектин экс-мэри Эмилбек Абдыкадыров Борбордук шайлоо комиссиясынан Талас районунан талапкер Бактыбек Чойбековго карата шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууну өтүнгөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, соттун чечиминде арыз ээси тергөө учурунда көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

Related posts

Ирандын президенти авиакырсыкта каза болду

admin

Эдил Байсалов коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү

admin

30-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы 

admin

Комментарий