Стоматологияда чарчап калган 3 жашар кыз. Медиктерге соттун өкүмү чыкты

БИШКЕК. Бир жыл мурун үч жашар кыздын тиш дарылатуу учурунда каза болгону боюнча Октябрь райондук соту өкүм чыгарды.

Каргаша Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык борборунда жайгашкан «Дентомакс» жеке стоматологиялык клиникасында болгон. Дарыгерлер балага севоран газын жыттатып, тишин дарылоону көздөшкөн. Бирок кыз клиникага 11:40та кирип, кечки 18:30да каза болгон. Дарыгерлер анын жүрөгү токтоп калганын билдиришкен.

Соттун өкүмү:

  • Стоматолог: 5 жыл 6 айга кесилип, 2 жылга медициналык кызматты аркалоо укугунан ажыратылды.
  • Анестезиолог: 6 жылга эркинен ажыратылып, 2 жылга медициналык кызматты аркалоо укугунан ажыратылды.
  • Стоматологдун жолдошу: 5 жылга эркинен ажыратылды.
  • Медакадемиянын медициналык борборунун ошол учурдагы директору: 5 жыл 6 айга кесилип, 3 жыл пробация шартында бошотулду.
  • «Дентомакс» клиникасынын директору: акталган.

Зыяндын ордун толтуруу:

Сот айыпталгандарды жабырлануучу тарапка моралдык жана материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн 1,5 миллион сом төлөөгө милдеттендирди.

Related posts

Чехиялык бийкеч «Дүйнө сулуусу» аталды

admin

Тажикстанга өтө турган Достук айылындагылар кайда көчүрүлөрү аныкталды

admin

УКМК: Жайыл районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана спорт зал мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий