Суучул Денис Петрашов АКШнын ачык чемпиондугунда алтын алды

Американын эң кадыр-барктуу турнири болуп саналган АКШнын ачык чемпиондугунда кыргызстандык суучул Денис Петрашов алтын медаль тагынды. Гринсбородо (Түндүк Каролина) өтүп жаткан турнирде спортчу 100 метрге брасс стилинде сүзүү боюнча мелдешке катышып, 59,46 секунд көрсөткүч менен биринчи орунду ээледи.

Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясынан билдиришкендей, өлкөнүн тарыхында биринчи жолу кыргызстандык суучул кадыр-барктуу турнирде жеңүүчү болуп, «А» стандартындагы олимпиадалык лицензияга ээ болду.

Буга чейин ушул жылдын август айында сууда сүзүүчү Денис Петрашов 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга лицензия жеңип алган.

Related posts

“Клооп Медиа” Коомдук фондунун өкүлдөрүнүн деструктивдүү аракеттери токтотулду

admin

Эксперт жасалма интеллектиге кантип туура суроо берүү керектигин айтып берди

admin

Айсулуу Тыныбекова Париждеги Олимпиадага жолдомо жеңди

admin

Комментарий