Сузакта бир нече жолу унаадагы жигитке ок атылган. Шектүү кармалып, кылмыштуу топту колдобой турганын айтты

Сузактагы ок атууга байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-августка караган түнү саат 00:30 чамасында Деу-Нексия үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара жаткан 29 жаштагы жаранга Хундай-Гетс үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар барып, бир нече жолу ок атуучу курал менен ок атышкан. Кесепетинен жигит денесинен жараат алып, Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган. Аталган факты 30-август күнү Сузак РИИБге катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишине шектүү катары кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган, 1994-жылы туулган Сузак районунун тургуну Бишкек шаарынан кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошондой эле ал мындан ары уюшкан кылмыштуу топтун идеологиясын колдобой, мыйзамдарды сактай тургандыгын айтты. Бул кылмыш ишине шектүү катары буга чейин дагы Сузак районунун 3 тургуну кармалган.

Related posts

Японияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 62 адамга жетти

admin

Чүйдө бир жумада 4239 жолу жол эрежелери бузулган

admin

Күн жылуу болот. 23-октябрга карага аба ырайы

admin

Комментарий