Түн уйкуну бузгандарга каршы! Депутаттар Атамбаев менен Бекешевдин мыйзам долбоору колдоого ээ болду

Жогорку Кеңештин жыйынында «Тынчтык жөнүндө» жана «Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.

Жыйында баяндама жасаган депутат Дастан Бекешев белгилегендей, жай мезгилинде жарандар оюн-зоок жайларынан, көбүнчө көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында же көп кабаттуу үйлөрдүн жанында жайгашкан кафе, бар жана ресторандардан чыккан ызы-чууларга көбүрөөк даттанышат. Мыйзамдарды либералдаштыруу жарандардын укуктарынын акыркы орунда калышына алып келгендиктен, милициянын, санитардык кызматтардын баруусу, ал тургай соттук талаш-тартыштар түнү менен уктабай жүргөн жарандардын пайдасына чечилбей келет.

Мыйзам долбоору тынчтыкты жана эс алуу убактысын камсыз кылуу боюнча төмөнкүдөй талаптарды белгилөөнү сунуштайт, анын ичинде: ызы-чуудан корголгон жайлардын жана аймактардын болушу; тынчтыктын жана бейпилдиктин бузулушуна алып келген аракеттерге жоопкерчилик; жарандардын тынчтыгын жана эс алуусун бузууга жол берилбей турган убакыт мерчемдери.

Талкуу маалында депутат Кубанычбек Самаков мыйзам долбоорун колдоп, ошону менен бирге сунушталып жаткан демилге ишкерлерге тоскоолдук жаратпашы керектигин кошумчалады. Эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева тынчтык нормаларынын бузулушу тууралуу жарандардан түшкөн кайрылууларга токтолуп, мыйзам бузгандарга тандалма мамиле болбошу керектигин белгиледи. Депутат Тазабек Икрамов автобейбаштык кылган спорттук унаалардын айдоочуларына чара көрүүгө чакырды.

Related posts

Кыргызстанда коронавирустун дагы 85 жаңы учуру катталды

admin

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин биринчи орун басары жана башкы адиси УКМК кызматкерине пара берүү фактысы менен кармалды

admin

Баткенге барган президент эмнелерди айтты? Садыр Жапаровдун сөзү

admin

Комментарий