Түрдүү категориядагы Кыргызстандын чемпиондору аныкталды

Өлкө боюнча гилас өстүрүүдөгү чемпион аныкталды. Ал фермер Азамат Маджиков. Багбан Азамат мырза гилас өстүрүп, 1 гектардагы 300 түп гилас багынан 4 тонна түшүм жыйнаган. Ал эми Таалайбек уулу Ханзат Ангус породасындагы уйдан 1 тоннага чейин эт алат. Ал 4 жылдан бери асыл тукум мал чарбачылыгы менен алектенип келгенин жана бул бир топ кирешелүү чарбачылык багыт экенин белгилейт. Ханзат мал чарбасы жаатында Кыргызстандын чемпиону. Анын айтымында, бир Ангус породасындагы уйдан 3 жылда 1 тоннага чейин эт алса болот. Ал эми жөнөкөй тукумдагы уйлар 1 жылда 130-150 кг эт берсе, асыл тукум уйлар 600-700 кг эт берет. Азыркы учурда фермердин 40 баш асыл тукум мал-жандыгы бар. Алдыда алардын санын 350 башка жеткирүүнү пландоодо. Учурда Нарын облусунун Ак-Талаа районунда асыл тукумдуу малга суроо-талап жогору экендигин кошумчалайт Ханзат.
Сиз дагы ушундай жыйынтыктарды жаратып, жакшы киреше тапкыңыз келеби? Анда, багбанчылык, дыйканчылык, мал чарбачылык менен чоң жетишкендиктерге жетишип, ийгилик жараткан адистер жана фермерлер 2025-жылдын 28-29-30-31-январында саат 10:00дө К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде кызыл килемден өтүп, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, гилас өстүрүүнүн, породалуу мал-жандыктарды туура багуу жолдору менен тааныштырат.
Иш чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн: 0709-144 938 (Элвира Мамбетова), 0770850015 (Турат Идрисов)

Related posts

Ташиев Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча кабары болбогонун айтты

admin

Дмитриевкадагы атышуу учурунда Күч органдарынын эки кызматкери жаракат алды

admin

Бакыт Рысбеков: Равшан Жээнбеков айткандай эмес, Жазаларды аткаруу тутумунда катаал кыйноолор каттала элек

admin

Комментарий