Түркияда мышыкты мыкаачылык менен өлтүргөн жаран 2,5 жылга кесилди

Стамбулда мышыкты мыкаачылык менен өлтүргөн Ибрагим Келоглан 2,5 жылга шарттуу кесилип, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу 13-мартта түркиялык NTV телеканалы маалымдады.

Шектүүгө карата кезектеги сот Күчүкчекмеже райондук сотунда өттү. Жаныбарларды коргоочулар сот имаратынын жанына чогулуп, ага катуу жаза тандоону талап кылышты. Соттук териштирүүнүн жыйынтыгында соттолуучуга өлкөдөн чыгууга тыюу салынып, соттун көзөмөлү менен бошотулду.

Айыпталуучу өзү күнөөсүн мойнуна алып, бирок мышыкты этиятсыздыктан өлтүргөнүн, ошол маалда ачууга алдырганын айткан. «Мурунку көрсөтмөмдү кайталайм. Мен өлтүргүч эмесмин. Убактылуу психикалык жактан жабыркап, ачууланып, өмүр бою унутпай турган ката кетирдим. Окуядан кийин ар бир мүмкүнчүлүк болгон сайын азык-түлүк сатып алып, жаныбарларды тойгузуп жаттым», — деди айыпталуучу.

Февраль айында Стамбулдун райондук соту шектүү буга чейин соттолбогондугу үчүн аны шарттуу түрдө 1 жыл 3 айга кескен. Бул чечим коомчулукта чоң резонанс жаратып, чечим жокко чыгарылган. Ибрагим Келогландын камалышын талап кылган петицияга 250 миңден ашуун кол топтолгон. Жыйынтыгында шектүүнүн иши кайра кароого жөнөтүлгөн.

1-январда Стамбулдун Башакшехир районундагы турак жай комплексинин лифтинде жаран мышыкты бир нече жолу тепкен. Оор жаракаттар жаныбардын өлүмүнө алып келген. Окуядан кабардар болгон тургундар кошунасын камакка алынышын талап кылышкан. 

Related posts

КР УКМК: «Отель Евразия» ЖЧКсына таандык жалпы аянты 20 гектардан ашуун, базар баасы 729 миллион 682 миң сом болгон жер тилкелери мамлекеттин балансына өткөрүлдү

admin

Акжол менен Жоламан «Жылдын мыкты балбаны» наамы үчүн ат салышууда

admin

Бишкекте быйыл кытай грантынын эсебинен 70 чакырым жол салынды

admin

Комментарий