Түркиянын эки шаарында катуу сел жүрүп, 5 киши набыт болду 

Түркиянын Шанлыурф жана Адыяман шаарларында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам катуу сел жүрдү. Бул тууралуу TRT Haber жазды.

Окуянын кесепетинен көчөлөр менен проспектилерди суу каптап, беш адам набыт болгон. Шанлыурфдагы оорукананын биринчи кабаты суу алдында калып, бейтаптар жогорку этаждарга которулган.

Өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу учурда издөө жана куткаруу иштери жүрүп жатканын билдирди.

Related posts

Таластан Баткендеги чек арага кызмат кылууга барган кыргыз кызы

admin

Бишкекте ишкерди уурдап, автоунаа жана 25 миң доллар берүүнү талап кылган шектүүлөр кармалды

admin

Ысык-Атада 6,5 килограмм салмактагы ымыркай төрөлдү

admin

Комментарий