Төө-Ашууда кар жаап, жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди  

Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, бороон болуп жатканына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жолчулар кардан тазалоо, кум-туз себүү иштерин тынымсыз жүргүзүүдө.

Министрлик жолго кышкы дөңгөлөктөр менен чыгууну жана айдоочулар 500 метр аралыкты сакташы керектигин эскертет.

«Эгерде жолго чыгып кеткен болсоңуз, унаа жолдорунун ашуу тилкелеринен өтүүдө кар чынжырчаларын алып жүрүүнү, жолдун каршы тилкесине ​​чыкпоону жана жол тазалоочу атайын техниканын ишине тоскоол болбоону өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Лекарства полностью освобождены от налогов, а предприниматели пользуются этим, — глава ГНС о намерении вернуть НДСП

admin

Совет судей одобрил привлечение судьи Ноокатского райсуда Гулнару Абылкасымову к уголовной ответственности

admin

Стали известны детали плана Трампа по Украине

admin

Комментарий