«Түнү менен үшүп-тоңуп чыгып жатабыз» деген жашоочуларга курулуш компания жооп берди

Бишкектин Ажыбек Баатыр 1/7 дарегинде жаңы салынган үйдүн жашоочулары кайрылышкан. Алардын айтымында, үйдү «Восток Строй Инвест» курулуш компаниясы салган. Учурда ал үйдүн 80-90 пайызында кишилер жашайт. Бирок үйдө газ, лифт, суу жок. Ал эми жарык бар, ал да маал-маалы менен өчүрүлүп турат. Алар түнү менен үшүп-тоңуп чыгып жатканын айтышып, чара көрүү суранычы менен өлкө башчысы менен УКМКнын төрагасына кайрылышкан.

Редакцияга экинчи тарап өз версиясын айтышты. Курулуш компаниянын жетекчисинин кеңешчиси бул подъезддин 36 батирин «Востокстройинвест» курулуш компаниясы сатпаганын билдирди. «Келишим боюнча 36 батирди Т. А., Б.О. деген эки жаран сатып алышкан, кийин азыр жашап жаткандарга сатышты. Бул жерде эч кандай кынтык жок. Ал ортодо баа кескин көтөрүлүп, бул подъезддин квартиралары эбегейсиз чоң бизнеске айланып кетти. Биздин колубузда алардын аты-жөнү жок. Себеби ачкычты өзүбүз ремонт жасайбыз деп алып, бизден уруксаты жок кирип жашап алышкан. Мамлекеттик комиссия көрө элек үйгө кирип жашаганга болбойт деп бир нече ирет эскерткенбиз.

Эми болор иш болду. Андан көрө алдыга жылуу керек. Кечеки түнү саат 1:35те жарык берилди. Бир суткага чыдады автоматтар. Кызматкерлер кабель, автоматты, керек болгон шаймандарды алып келишти. Жер төлөдө турат. Энергетиктер кошуп берсе, аман-эсен кыштан чыгып кетебиз. Өз ара кер-мур айтыш келечекте жакшылыкка алып келбейт, ошондуктан биздин юристтердин органдарга жазган кайрылуусун токтотуп койдум», — деди ал.

Ал ошондой эле дагы бир жагдай бар экенин айтты. «ГРС 4 ирет келип кээ бир батирлерге кире албай кетип калышты. Техпаспорттор даяр болбой атат», — деди.

Related posts

Жаан жаайт. 2-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

Балыкчыда этти кайра иштетүү боюнча «Дордой Балыкчы» заводу ачылды

admin

Кызы жана неберелеринен айрылган апа: «Неберем терезеден кулабаганда, балким шектүү эртеси башка жакка көмүп салмак»

admin

Комментарий