«Унаада 3 аял, 2 бала болгон». Алайку жолунда унаа жолдон чыгып даракка урунган

Жол кырсыктан 5 адам куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-декабрда Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайку унаа жолунун 19-чакырымында Хонда Одисей үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, каналдын жээгиндеги даракка урунган. Ичинде 3 аял жана 2 бала болгон. Жерине Кара-Кулжа райондук ӨКБнын авариялык куткаруу унаасы менен 5 куткаруучу тартылып, аталаган 5 жаранга жардам көрсөтүлгөн.

Related posts

GoBus автобустары Кыргызстандан Өзбекстандын 4 шаарына каттай баштайт

admin

Садыр Жапаров Кытайдын элчисине «Достук» орденин тапшырды

admin

Байсалов Пакистан студенттеринин жатаканасына барып, бейбаштар үчүн кечирим сурады

admin

Комментарий