Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна таш кулап, жолду жаап калды

Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Арал – Казарман тилкесинин 254-255-чыкырымына таш кулап, жол убактылуу жабылды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жолду жаап калган таштын көлөмү 5000 м3 түзөт.

Белгиленгендей, эч кандай унаа кырсыгы каттал жок, түн ичинде калып калган 30-40 жаран чыгарылды. Жабыркагандар жок.

Азыркы учурда ЖККББ кызматкерлери жана тийиштүү кызматтар техниканын жардамы менен жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Related posts

Садыр Жапаров в рамках госвизита прибыл в Цзинань

admin

Азим Акматов: Атыр Абдырахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүүгө себептер бар

admin

КР УКМК: уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

admin

Комментарий