Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна таш кулап, жолду жаап калды

Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Арал – Казарман тилкесинин 254-255-чыкырымына таш кулап, жол убактылуу жабылды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жолду жаап калган таштын көлөмү 5000 м3 түзөт.

Белгиленгендей, эч кандай унаа кырсыгы каттал жок, түн ичинде калып калган 30-40 жаран чыгарылды. Жабыркагандар жок.

Азыркы учурда ЖККББ кызматкерлери жана тийиштүү кызматтар техниканын жардамы менен жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Related posts

Садыр Жапаров: «Кемпир-Абадды 70 жылдан бери Өзбекстан башкарып келген, эми чогуу башкарабыз» 

mediaportalk

Ноокатта 30 миң сом пара талап кылууга шектелип милиция кызматкери кармалды

mediaportalk

УКМК: Көлбаевдин 80 миллион сомго чукул каражатына сатылып алынган 15 баш асыл тукум жылкылар аныкталды – ФОТО

mediaportalk

Комментарий