Түркияда айына 2 миң доллар алган чабандар TikTok жок иштебей жатышат

Түркияда айына 2 миң доллар алып иштеген чабандар TikTok көрүү үчүн 30 ГБ интернетке акча төлөө шартын коюп жатышат. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

Элазыг шаарындагы кой ээлери адаттан тыш өтүнүчкө туш болушту. Акы төлөнүүчү үй, тамак-аш, жумуш кийимдери жана 2000 доллар маянадан тышкары, чабандар ТикТокту көрүү үчүн ай сайын 30 ГБ мобилдик интернет төлөп берүүнү талап кыла башташты.

Урбанизациянын күчөшүнө жана кесиптин популярдуулугунун төмөндөшүнө байланыштуу өлкөдө кадрлардын жетишсиздиги байкалууда. Ошондуктан иш берүүчүлөр бул шартка да көнүп жатышат. «Биз алар эмне дешсе, ошого көнүүгө мажбурбуз. Себеби бул оор кесип. Тоодо, ташта, жаанда, карда да иштейсиң. 50 жашка чыкканда эле колу-бутуң ооруп баштайт»,— дейт фермер. 

Related posts

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулат

admin

«Ала-Тоо» аянтына 40 эмес 39 нуру бар желек илингенби? Дайырбек Орунбеков жооп берди

admin

Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүнө асфальт басылды

admin

Комментарий