Түркияда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды

29-сентябрда Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Ага 102 өлкөдөн барган үч миңдей спортчу катышууда.

Изникке Кыргызстандан 148 спортчу барды. Алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышат.

Спортчулар ат оюндарында көкбөрү жана көкпар, күрөш боюнча- ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана жаа атуу боюнча мелдештерде күч сынашат.

Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшүнөн таймаштар көрсөтмө оюндары катары өтөт.

Иш-чаранын расмий ачылышы 29-сентябарда кечки саат 7де башталат. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин келери күтүлүүдө.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-октябрда жыйынтыкталат.

Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган.

Related posts

616 чарчы метр жер тилкеси менен тиричилик үйү мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Кар жаашы күтүлөт. 3- январга карата аба ырайы 

admin

Кытайда ишкана кызматкерлерине арыктаганы үчүн сый акы сунуштады

admin

Комментарий