УКМК: Алтынбек Сулайманов кармалды деген маалымат жалган

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз катчысы Күмүшбек Шабданов президенттин Ысык-Көлдөгү мурдагы өкүлү Алтынбек Сулайманов кармалганын бышыктаган жок. Мунун алдында социалдык тармактарда анын камалганы тууралуу маалыматтар чыккан. Айрым басма сөз каражаттары Сулайманов бир суткадан бери УКМКда сурак берип жатканын жазышкан.

Related posts

Бишкекте саясатчылардын катышуусунда иш-чара өткөнү айтылды

admin

Канат Абдрахматов: Түркиядагы жер титирөө Кыргызстанга таасир эте албайт

admin

Бишкектеги соода борбордон чыккан өрт өчүрүлдү (сүрөт)

admin

Комментарий