Төө-Ашуу жана Сосновка постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

 Бүгүн, 15 ноябрда саат 16:30 баштап жасалма тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Төө-Ашуу жана Сосновка постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.

«Кыргызавтожолдон» билдиргендей, эрежеге ылайык, кар жааганда жүк ташуучу унаалар Төө-Ашуудагы жолдун аркы өйүзүнө токтоп, унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратат. Ошонун негизинде аларга чектөө киргизилет.

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунда, аба-ырайынын шартына байланыштуу, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

«Ошонун негизинде жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

17-февралдан тартып өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

admin

Шакиев Түркиядагы медициналык университеттин ректорун кабыл алды

admin

«Мушташ болгон эмес». Бостеринин тургундары 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча кайрылуу жасашты

admin

Комментарий