Төө-Ашуудагы тыгын: унаалар Бишкек тарапка өткөрүлүп жатат

Саат 08:30га карата Төө-Ашуу ашуудагы жол тыгыны жөнгө салынып, жеңил унаалар Ош тараптан Бишкек тарапка өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жакынкы убакта эки тараптуу жолду ачуу аракети көрүлүүдө. Жеринде ӨКМден жалпы 66 куткаруучу, 14 техника тартылып, «Арал» жана «Сосновка» өтмөгүндө жылынуу пункттары уюштурулган. Ошондой эле куткаруучулар жолдогу жарандарга ысык тамак таратып берип жатышат.

Ал эми жолдогу майы түгөнгөн унааларга күйүүчү май берилүүдө. №9 Жол тейлөө ишканасынан 10 кызматкер, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, 3 самасвал тартылып, тазалоо жумушу жүрүүдө. Мындан сырткары ИИМден 12 кызматкер, 4 экипаж жолдогу абалды көзөмөлгө алууда.

Related posts

Сот Талас округунан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

admin

УКМК «Дөө Чыңгыз» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

admin

На Чуй-Т.Айтматова «Соната» врезалась в припаркованные машины. Видео

admin

Комментарий