«Талас бригадасы» уюшкан тобунун мүчөсү «Темке» кармалды

Таласта милиция кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2024-жылдын январь айынын аягында ИИМдин Чүй жана Талас облустары боюнча уюшкан кылмыштылуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлерине «Темке» аттуу киши баңгизаттарды сактап, сатуу менен алектенип жүргөнү белгилүү болгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө «Темке» аттуу адам Талас облусунун 1978-жылы туулган тургуну экени аныкталган. Факты боюнча Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы кылмыш ишин козгоп, 1978-жылы туулган жарандын үйүн тинтүү учурунда «марихуана» баңгизаты табылган.

1978-жылы туулган жаран ИИМдин ыкчам каттоосунда «Талас бригадасы» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турат. Учурда иш боюнча кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

20-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

УКМК: Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев коррупцияга шектелип кармалды – ФОТО 

admin

КР УКМК: Курулуп жаткан «ПП» турак үйүнүн жер төлөсү (цоколдук жайы) мамлекетке өткөрүлүп берилди.

admin

Комментарий