«Талас бригадасы» уюшкан тобунун мүчөсү «Темке» кармалды

Таласта милиция кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2024-жылдын январь айынын аягында ИИМдин Чүй жана Талас облустары боюнча уюшкан кылмыштылуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлерине «Темке» аттуу киши баңгизаттарды сактап, сатуу менен алектенип жүргөнү белгилүү болгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө «Темке» аттуу адам Талас облусунун 1978-жылы туулган тургуну экени аныкталган. Факты боюнча Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы кылмыш ишин козгоп, 1978-жылы туулган жарандын үйүн тинтүү учурунда «марихуана» баңгизаты табылган.

1978-жылы туулган жаран ИИМдин ыкчам каттоосунда «Талас бригадасы» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турат. Учурда иш боюнча кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

4-марттан баштап абанын температурасынын акырындык менен жогорулашы күтүлөт

admin

«300 доллардан 3 миң долларга чейин». «Элиталык» сойкулардын «ээлери» кармалды

admin

«Футбол бизге жарашпайт, көк бөрү эле ойнойлу» дегендерге президенттин жообу

admin

Комментарий