Талас мамлекеттик университетинин ректору коррупцияга шектелип кармалды

Талас мамлекеттик университетинин кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас мамлекеттик университетинин ректору У.А.Ш. аттуу жаран жана башкы бухгалтери К.Г.Ж. 2021-2022-жылдар аралыгында жогорку окуу жайдын кызматкерлерине кайра ТалМУнун жетекчилигине 6 миң сом өлчөмүндө “белги” (отметка) катары кайтарып берүү шарты менен ар бирине 7 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктарды ыйгарып турганы аныкталды.

Мындан тышкары аталган адамдар жеке ишкерлер менен жең учунан сүйлөшүп алып, университеттин окуу корпусун оңдоо үчүн курулуш материалдарын сатып алууга тендер өткөрүп, андан кийин акча каражаттарынын бир бөлүгүн өздөрүнө чегерип алышкан.

Ошондой эле А.У.Ш. кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Т.Т. менен макулдашып, мамлекеттик жана университетке кирүү экзамендерин тапшыруу учурунда студенттерден жана абитуриенттерден системалуу түрдө акча чогултуу менен алектенген.

Иликтөө иш-чараларынын алкагында, жогорудагы адамдардын иштеген жана жашаган жери боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык У.А.Ш. Талас облустук убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда жогорудагы мыйзамсыз фактылар боюнча бардык жагдайларды иликтөө жана келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Related posts

Жумагазиев Чүйдүн калктуу конуштарын электр энергия менен камсыздоо маселесин чечүүнү тапшырды

admin

Телефонду шымына катып. Бишкекте чөнтөк ууру кармалды (видео)

admin

Тик учак кырсыгынан каза болгон жигиттин апасы: «Уулум «колун сурадым, быйыл үйлөнөм» деген»

admin

Комментарий