Талас облусундагы жеке менчике өтүп кеткен турмуш-тиричилик комбинаты мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын борборунда жайгашкан эки кабаттуу турмуш-тиричилик комбинаты (дом быта), мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган.

Имарттын аянты 937 чарчы метр болуп, ал эми имарат жайгашкан жер 0,16 га жалпы аянтты түзгөн.

Тийиштүү иш-чаралардын жүргүзүлүшүндө, аталган имарат жана ал жайгашкан жер тилкесин мамлекеттин эсебине, тактап айтканда Бакай-Ата айыл өкмөтүнүнө кайтарылып берилди.

Учурда Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн имараты авариялык абалда болгондуктан, ошондой эле, райондук калкты тейлөө борборунун имараты жоктугуна байланыштуу, УКМК тарабынан мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн имаратка, Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн эмгек жамааты, ошол эле Бакай-Ата айылдык кеңештин депутаттары жана райондук калкты тейлөө борборунун жааматы аталган мамлекеттин балансына кайтарылган имаратка жайгаштыруу иштери мерчемделип жатат.

Related posts

Бакыт Төрөбаев айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

admin

Милиция улакчынын өлүмү боюнча териштирүү ишин баштады

admin

Россия АКШнын жаңы бийлиги менен Украина боюнча диалогго ачык

admin

Комментарий