Талас облусунун Манас районунун аймагында жайгашкан жер тилкени мамлекеттин эсебине кайтаруу жөнүндө

КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айылында жайгашкан 59,0 га алма бак мамлекеттин менчигине кайтарылды. Анын болжолдуу баасы 20 млн. 650 мин сомду түзөт.  
    Сотко чейинки өндүрүштүн жыйынтыгында, 2004-жылдан азыркы учурга чейин аталган алма бак өз багытында пайдаланылбай келгендиги аныкталып, жер тилкени мыйзамсыз пайдаланып жүргөн жаран, жер мыйзамдарын бузгандыгын мойнуна алып, өз ыктыяры менен жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарып берген.

Related posts

Даниель Ажиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

admin

Видео. Кичинекей бишкектиктер кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттукташты 

admin

Жаан жаап карга айланат. 16-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

admin

Комментарий