Таласта 34 млн сомдук мамлекеттик мүлк 874 миң сомго сатылып кеткен

Талас облусунун Бакай-Ата районунда 34 млн сомдук мамлекеттик мүлк 874 миң сомго сатылып кеткени боюнча прокуратура кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Талас облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Салык кызматынын Бакай-Ата району боюнча башкармалыгынын, Сот департаментинин райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн жана “Талас балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери атайын жердин баасын төмөн көрсөтүү жолу менен “Талас балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын пайдалануусундагы мамлекеттин менчиги болгон 34 млн сомдук 16,5 га жер аянтты жана ага таандык 1-көлмө кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз түрдө жеке менчикке 874 миң 500 сомго сатып жиберишкендиги аныкталды.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш ишин козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды.

Related posts

Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары кармалды

admin

Соцтармакта Ош аэропортунун таксилерине нааразы болгон чет өлкөлүк жигиттин кайрылуусу талкууланууда 

admin

22-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий