Таластан Баткендеги чек арага кызмат кылууга барган кыргыз кызы

Таластын кызы Зарима чек арада коомдук тартипти бекемдөө максатында өз каалоосу менен Баткен жергесине барып, кызмат өтөп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

«Мен Жайсанбекова Зарима Жайсанбековна 1985-жылы Талас облусунун Талас районунун Кара-Суу айылында туулгам. 2004-жылы ИИМдин Академиясына тапшыргам. 2009-жылы июль айында аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктап, ошол айда Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү кызматына дайындалгам. 2017-жылы ошол эле бөлүмдүн улук тескөөчүсү кызматына дайындалып, 2023-жылдын март айына чейин иштедим. 2023-жылдын март айында өз каалоом менен Баткен ОИИБдин Лейлек РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү кызматына дайындалып, 2023-жылдын июль айында ошол эле бөлүмдүн улук тескөөчүсү болдум.

Мен атамдын жана бир туугандарымдын жолун жолдоп, милиция кызматын тандагам. Өзүмдүн кичинекей кезимден эңсеген кесибиме жетип, кызмат өтөп келем. Аял кишиге милиция кызматында өтөгөн эч кандай кыйынчылыктарды жаратпайт. Анткени ар бир инсан өзү сүйгөн кесибинде иштеп жатканда үй-бүлөдө жана бир туугандар арасында колдоолор болуп турса, кыйынчылык жаралбайт. Атам, бир туугандарым дагы милицияда иштеп ардактуу эс алууга чыккандыктан, мени алар ар тараптан колдоп турат. Үй-бүлөдө үч баланын апасымын.

Мен өз каалоом менен Баткен облусунда иштөөнү каалагам. Чек ара аймактарында жашы жете электердин арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча өз тажрыйбам менен бөлүшүп жана тажрыйбамды арттыруу максатында Баткен облусуна которулууну сурандым. Анткени чек ара аймактарындагы элдин турмушун, жашоо-шартын өз көзүм менен көрүп билгим келди. Тагдыр насип болуп бош орун Лейлек районунда болуп калып, ушул жакта иштеп калдым»,- деди ал.

Related posts

Германия Кыргызстанга 17 автобус белек кылды (видео)

admin

18-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Азербайжан Тоолуу Карабахтагы операциясын ийгиликтүү аяктап, суверендүүлүгүн калыбына келтирди, — Ильхам Алиев

admin

Комментарий