Таластын «көзөмөлдөөчүсү» кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү тапанча жана баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине «Баха» аттуу жаран киши ок атуучу курал сатуу аракетин кылып жүргөнү белгилүү болгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (ок атуучу куралды сактоо) менен кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаарынын аймагында атайын операция жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Талас облусунун 1981-жылы туулган тургуну кармалган. Ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат (Талас облусу боюнча көзөмөлдөөчүсү).

Өздүк тинтүү учурунда анын жанынан номуру өчүрүлгөн Макаров үлгүсүндөгү тапанча жана 7 грамм болгон «гашиш» баңгизаты табылган.

Related posts

Ысык -Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар Айшаны издөө иштери токтотулду. Жакындары аны 20 күн бою издешкен

admin

Жаан жаап, тоолорго кар түшөт. 7-мартка карата күтүлгөн аба ырайы

admin

«Шереметьево» аэропортунда Орусияга кире албай калган 20га жакын кыргызстандык бар

admin

Комментарий