Таластын «көзөмөлдөөчүсү» кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү тапанча жана баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине «Баха» аттуу жаран киши ок атуучу курал сатуу аракетин кылып жүргөнү белгилүү болгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (ок атуучу куралды сактоо) менен кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаарынын аймагында атайын операция жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Талас облусунун 1981-жылы туулган тургуну кармалган. Ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат (Талас облусу боюнча көзөмөлдөөчүсү).

Өздүк тинтүү учурунда анын жанынан номуру өчүрүлгөн Макаров үлгүсүндөгү тапанча жана 7 грамм болгон «гашиш» баңгизаты табылган.

Related posts

Сузактагы кыздар медресесинде өрт чыгып, 2 кыз ооруканага жеткирилди 

admin

Ысык-Көл облусунда мурдагы «Электр-техникалык заводдун» имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды

admin

Депутаттар электрондук тамеки жана вейп тартууга тыюу салууну сунушташты

admin

Комментарий