Тарых жаралды! Кыргызстандын футбол курамасы Дүйнө чемпиондугунун 3-баскычына жолдомо жеңди

Кечээ, 11-июнда Азия зонасында Дүйнө чемпиондугу жана Азия Кубогунун айкалышкан экинчи тандап алуу раундунун алкагында 6-жыйынтыктоочу турдун оюндары орун алып, Кыргызстандын улуттук курамасы Оманга каршы кез келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Эске салсак, Кыргызстандын курамасы Оман, Малайзия жана Кытайлык Тайбэй курамалары менен кошо «D» тайпасында жайгашкан. Квалификациянын экинчи раундунун жыйынтыгында ар бир тайпадан эң мыкты эки курама 2027-жылкы Азия Кубогуна жолдомо алып, 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатына болгон жолдомого күрөшүн улантмак.

Оюн курамалардын тең чыгуусу менен аяктап (1-1), анын жыйынтыгында, Кыргызстандын Улуттук курамасы Азия Кубогуна жолдомо жана тарыхта биринчи жолу Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундуна чыгуусун камсыздады. Жыйынтыктоочу турнирдик жадыбалда курамабыз 11 упай менен экинчи орунду ээледи. Оман 13 упай менен биринчи орунда, Малайзия 10 упай менен үчүнчү орунда, Кытайлык Тайбэй 0 упай менен акыркы орунда.

Related posts

Чүй жана Ысык-Көлдө жер титиреди 

admin

Селекцияда кескиленген келин. Шектүү зордуктоо боюнча 8 жылга эркинен ажыратылды

admin

Бишкекте 20 жаштагы Адинай Абазова дайынсыз болуп жатат

admin

Комментарий