Ташиев депутаттарды тууган-тааныштарын кызматка дайындоону токтотууга чакырды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ошто жетекчилер менен өткөн жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары кадр маселесине кийлигишерин айтып, акимдерге буга жол бербөөнү эскертти.

«Кээ бир эл өкүлдөрү аймактарда «муну кой, тигини ал» деп кадр, финансы маселесине кийлигишип алышкан. Ушул маселелерге кийлигиштирбегиле! Дагы кайталана турган болсо мыйзам чегинде чечимдерди кабыл алабыз», — деген Ташиев.

Ал такталган маалыматтар боюнча Ноокатта депутат Надира Нарматова дайыма кадр маселесине кийлигишерин айтып, райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Тажибаева анын курбусу экенин белгилеген. Кадр маселесине кийлигишкендердин катарында Бакытбек Марипов, Уланбек Примов, Таалайбек Сарыбашев, Улугбек Ормоновдордун аты аталган.

«Урматтуу депутаттар, жергиликтүү бийлик органдарына барып, «муну кой, тигини кой» дегенди токтоткула жана унуткула. Буга биз жол бербейбиз. Акимдин ишиби, аким чечет», — деген УКМК төрагасы.

Related posts

Хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугу. Кыргызстан Люксембургду жеңди

admin

Алымкадыр Бейшеналиев быйыл мамлекеттик мекеме ЭКО жасай баштарын билдирди

admin

Укук коргоо системасын таза эмес кызматкерлерден тазалоо аракетине кээ билер  саясий түс беришүүдө 

admin

Комментарий