Ташиев Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде жаңы курам менен жолугушуу өткөрдү

Кечээ, 20-февралда Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде КФСтин президенти Камчыбек Ташиев уюмдун аткаруу комитетинин жаңы курамы менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө президент аткаруу комитетинин мүчөлөрү менен жакындан таанышып, биргеликте ишке ашырыла турган максаттарды белгиледи. Андан сырткары, президент жолугушуунун катышуучуларына ата-мекендик футболдогу негизги чечимдерди кабыл ала турган аткаруучу органдардын мүчөлөрү катары алардын жоопкерчилиги чоң экендигин эске салды.

Президент КФСтин аткаруу комитетинин жыйынын чакыруу чечимин кабыл алды, анын датасы 27-февраль күнүнө белгиленди. Аталган жыйындын күн тартибиндеги негизги маселелердин бири КФСтин башкы катчысын дайындоо болот.

Уюмдун коллегиалдуу башкаруу органынын жаңы курамы 19-февралда өткөн кезексиз конгрессте шайланган болчу. Бул курамдын мөөнөтү 2026-жылдын апрель айына чейин созулат.

Related posts

Шакиев: «2024-жылга карата кабыл алынган бюджеттин аткарылышын Жогорку Кеңеш толук көзөмөлгө алат»

admin

Сириядан 99 кыргызстандык алып келинди. Алардын 71и балдар

admin

АКШда сыртка чыгууну каалаган жаран учактын кошумча эшигинен секирген (видео)

admin

Комментарий