Ташиев: «Мамлекетибизде Көлбаев, Матраимов деген мафия болбойт»

«Өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ болбойт дегенбиз, биз ошол сөзгө турушубуз керек». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«202 мамлекеттик кызматкер уюшкан кылмыштуу топко, коррупцияга байланыштуу кызматтан алынды. Мындан ары мамлекетте Көлбаев, Матраимов деген мафия болбойт. Матраимов мамлекетте жүрө турган болсо, кичинекей Матиз унаасын минип алып, жүрүшү керек», — деди ал.

Related posts

Кайрат Примбердиев Бишкекте 100дөн ашуун окуучу менен жолугуп, суроолоруна жооп берди

admin

Чүйдө Турусбек уулу Турганбек 2 жумадан бери дайынсыз болуп жатат

admin

11-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий