Бүгүн, 3-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузактагы кырсыктан жабыркаган окуучулардан кабар алып, ата-энелер менен жолугушту. Буга чейин кырсыкты иликтөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы жеке көзөмөлүнө алганы кабарланган.
«Президент Садыр Жапаров иликтеп келесиң деп жөнөттү. Мен кечээ командировкада элем, түнү менен учуп келдим. Жабыр тарткан балдардын ар бирине президенттин фондунан 200 миң сомдон бөлүндү. Жеңил жаракат алгандарга 50 миң сомдон берилет. Учурда медиктер кеңешип жатат, эгерде Бишкекке алып кетүү зарылдыгы болсо, президенттин тапшырмасы менен атайын учакта алып кетебиз», — деди ал.