Ташиев: «Реанимацияда жаткандарга 200 миң сомдон берилет»

Бүгүн, 3-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузактагы кырсыктан жабыркаган окуучулардан кабар алып, ата-энелер менен жолугушту. Буга чейин кырсыкты иликтөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы жеке көзөмөлүнө алганы кабарланган.

«Президент Садыр Жапаров иликтеп келесиң деп жөнөттү. Мен кечээ командировкада элем, түнү менен учуп келдим. Жабыр тарткан балдардын ар бирине президенттин фондунан 200 миң сомдон бөлүндү. Жеңил жаракат алгандарга 50 миң сомдон берилет. Учурда медиктер кеңешип жатат, эгерде Бишкекке алып кетүү зарылдыгы болсо, президенттин тапшырмасы менен атайын учакта алып кетебиз», — деди ал.

Related posts

Садыр Жапаров Бакуга барды

admin

КР УКМК: Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын «Көк-Дөбө» тилкесиндеги жалпы аянты 11 Га, болжолдуу баасы 550 млн. сом болгон жер участогу мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

6-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий