Ташиев Салык кызматынын мурдагы жетекчисинин байлыгы 55 миллион долларга бааланганын айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов боюнча жаңы маалыматтарды коомчулукка жарыялады.

Анын айтымында, Абдувапов кызматта турган кезде ай сайын 50 миңден 100 миң долларга чейин пара алып турган. Мындан сырткары, анын мүлкү жалпы 55 миллион долларга бааланганын  белгиледи.

“Мындай коррупция менен байыгандар акыры кедей болуп калат. Ал азыр өлкөдөгү эң бай эмес, эң кедей адам болот”, — деди Ташиев.

Ташиевдин айтымында, Абдувапов электрондук товардык-транспорттук накладнойлор (ЭТТН) аркылуу алдамчылык схемаларын уюштурган. Бул иш-аракеттер бизнес коомчулугунда нааразычылык жаратып, көптөгөн ишкерлер митингдерге чыккан.

“Көп ишканалар ЭТТН колдонгусу келген жок, анткени ал аларды кысымга алуу жана пара алуунун куралына айланып кеткен”, — деп кошумчалады Ташиев.

Эске сала кетсек, Алтынбек Абдувапов 2024-жылдын аягында коррупцияга шектелип кармалган жана учурда анын иши боюнча тергөө жүрүп жатат.

Related posts

Кара-Сууда базар ээси кармалды. УКМК анын үйүнөн канча акча табылганын ачыктады

admin

Аманбол Бабакулов, активист: “Ташиев айрым учурда орой болгону менен, көбүнчө барбалаңдап жөнөкөй, боорукер” 

admin

Штефан Таркович: «Команда менен келишим 2024-жылдын июнь айына чейин түзүлгөн»

admin

Комментарий