Ташиевдин кызына айдоочулук күбөлүк алууга жардам берген УКМК кызматкерлери жазаланды

УКМКнын кызматкерлерине карата көрүлгөн тартиптик чаралар боюнча УКМК маалымат берди.

Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктеги комплекстүү коррупциялык схемага бөгөт коюунун алкагында айдоочулук күбөлүктү алууга ар тараптан көмөк көрсөткөн УКМКнын айрым кызматкерлери аныкталды. Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Мамкомитет башчысынын кызынын айдоочулук күбөлүгүн алууда жардам көрсөткөндүгү үчүн УКМКнын ар кандай кызматтагы 7 кызматкери (сөгүш — 2, катуу сөгүш – 3, кызматына толук туура келбегендигин эскертүү – 2) жазалангандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, бул чаралар УКМКнын төрагасы Ташиевдин жеке көрсөтмөсүнө ылайык кабыл алынды, ал жакында эл алдында сүйлөгөн сөзүндө укук бузууларга жол берилбестигин билдирип, мамлекеттик кызматта турганда Улуттук коопсуздук органынын кызматкерлерин туугандарынын жана тааныштарынын таасирине алдырбоого чакырды. Азыркы учурда көрсөтүлгөн укукка каршы жосунга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Related posts

Акча талап кылган. Интернет-шылуундукка шектелип 19 жаштагы бала кармалды

admin

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жардамга муктаж Кымбат менен жолугуп, материалдык жардам берди

admin

«Президент түшүндүргөндөй». Акылбек Жапаров салык боюнча тапшырма берди

admin

Комментарий