Ташкентте 14 жаштагы өспүрүм тууганын мылтык менен атып салды

Өзбекстанда 14 жашар өспүрүм аталаш тууганын атып алды. Бул тууралуу Ташкент облусунун ички иштер башкы башкармалыгына таянып чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 2-августунда Ташкент облусунун Паркент районунда аталаш бир тууган өспүрүмдөр үйдөн таякесинин пневматикалык мылтыгын эч кимге көрсөтпөй алып чыгып кетишкен.

Алар канаттууларга аңчылык кылуу учурунда 14 жаштагы бала кокусунан 15 жаштагы тууганын көкүрөк тушка атып алган. Өспүрүм алган жараатынан улам, окуя болгон жерден каза болгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайы иликтенип жатканы айтылат.

Related posts

Шайлообек Атазов мандатынан бүгүн ажырайбы?

admin

Ысык-Көлдө Манасчылар паркы курулат (эскиздер)

admin

Таласта Бабанов салган имараттын ачылышына Ташиев менен Шакиев барды (сүрөт)

admin

Комментарий