Ташкентте катуу жарылуу болуп, өрт чыкты. Жабыркагандар бар

28-сентябрда Ташкенттеги кампалардын биринде катуу жарылуу болуп, өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бригадасы тартылганын Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жарылуудан жабыркагандар бар экенин, алар Республикалык тез медициналык жардам көрсөтүү илимий борборуна жана анын Ташкент облусундагы бөлүмүнө жаткырылганын билдирди. Алардын арасында оор жаракат алгандар жок. Учурда дарыгерлер бардык керектүү медициналык жардамдарды көрсөтүп жатышат. Жабыркагандардын так саны айтыла элек.

Өз кезегинде Өзбекстандын Ички иштер министрлиги өзүнүн Telegram-каналында өрт Ташкенттин Сергели районундагы «Интер Логистикс» ЖЧКсына таандык кампада чагылган түшкөндүгүнө байланыштуу болгонун билдирди. Республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ошондой эле социалдык тармактарда жарылуу учак кырсыгына байланыштуу деген жалган маалыматтар тарап жатканын кошумчалады.

Related posts

№29 мектептин мурдагы директору кармалды

admin

Ошто мыкты мугалим менен мыкты тарбиячыга унаа берилди (сүрөт)

admin

Шакиев: «Тойканалар эле салына бербей, билим берүү жайларынын курулганы жакшы көрүнүш»

admin

Комментарий