Тажикстандын кол салуусунан каза болгон 5 жоокердин үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон берилди 

Бүгүн, 27-декабрь күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Тажикстандын кол салуусунан каза болгон Ош облусунун тургундары, жоокерлердин жакындары менен жолугушту.

Облус башчысы өзүнүн резервдик фондунан 5 жоокердин үй бүлөсүнө 50 миң сомдон, Баткенден эвакуация болуп Ош облусунда жашап жаткан 1 үй бүлөгө 20 миң сом каражат бөлүп берди.

«2022-жылдын сентябрь айында Баткенде орун алган агрессиялык кол салууда мекенди коргоодо жана душмандарга өлкөбүздүн жерин тебелетпейм деп Ош облусунун тургундары, баатыр жоокерлерибиз курман болду. Алардын эрдиги эч качан унутулбайт жана алардын жакындарына мындан ары да колдоо көрсөтүп турабыз»,- деди Зиядин Жамалдинов.

Related posts

20-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Баткендеги курулуш иштери боюнча президент жооп берди

admin

Садыр Жапаров сегодня поздравил кыргызстанцев с Днем Победы

admin

Комментарий