Telegram аркылуу «ИГИЛ» уюмуна азгырылган кыргызстандык кармалды

Кыргызстандын жараны А.Ч.К. эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү тарабынан «Телеграм» мобилдик тиркемеси аркылуу азгырылып, ГКНБ кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал интернет мейкиндигинде террордук уюмдардын идеологиясын изилдеп, бир нече жолу согуш жүрүп жаткан аймактарга чыгууга аракет жасаган. Ошондой эле ок атуучу курал сатып алуу мүмкүнчүлүгүн издеп жүргөн.

Мындан тышкары, А.Ч.К. социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу болуп, аларда тыюу салынган «ИГИЛ» уюмунун символдору түшүрүлгөн видеолорду тараткан. Анын жашаган жеринен экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, «ИГИЛ» желеги жана уруксат кагаздары жок травматикалык тапанча табылган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 255-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү Каракол шаарындагы №27 тергөө абагына киргизилди. Тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Related posts

Нарындын тургуну Мэлсбек Жангазиев изделүүдө 

admin

Сот Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок жазадан бошотту

admin

КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилери Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты

admin

Комментарий