Темирлан Ормуков уюшкан кылмыштуу топко катыштыгы бар деп шектелип кармалды

Акын Темирлан Ормуков уюшкан кылмыштуу топко катыштыгы бар деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынан маалымдашты.

11-январда милиция кызматкерлери Tik Tok социалдык тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда “@taza_koom” аккаунту аныкталган. Анда “О” аттуу жаран өзүнүн виедосунда курулуш компанияларынын алданган үлүшчүлөрүнө кайрылып, аларды маркум К.Кнын атындагы фонд түзүүгө ачык чакырган жана уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнөн жардам сураган. Демек, ал өз билдирүүлөрү менен мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө шек келтирди. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесине (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) ылайык кылмыш иши козголду.

Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1976-жылы туулган О.Т. аттуу жаран аныкталган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери Молдокулов көчөсүндө жайгашкан имаратта тинтүү жүргүзүшүп, уюшкан кылмыштуу топтун арасынан өздөрүнүн укуктук статусун билдирген шакек, 1 ноутбук жана 2 уюлдук телефон табылып, алынган. Андан соң райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Related posts

Жалал-Абадда 26 жаштагы келин өз жанын кыйды. Жакындары экспертизадан баш тартышкан

admin

Бишкекте тууну өзгөртүүгө каршы автожүрүш башталбай жатып бүттү

admin

Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулду 

admin

Комментарий