Терезеден дене боюн чыгарып, автоээнбаштык жасоого жол берген айдоочуга 15 миң сом айып салынды

Жарандар Сары-Челек көлүнүн жолунда дене боюн унаадан чыгарып, кооптуу абалда автоээнбаштык жасап жаткандыгы боюнча видео тасманы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине жөнөтүшкөн.


Бул факты боюнча ошол замат Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери авто унаанын айдоочусун таап, Укук бузуу кодексинин негизинде 15 миң сом айып салуу менен унаасын айып короо жайына киргизишкен.

Эгерде сиздер коомдо кылмыш жана кырсык, ошондой эле жол эреже бузуу фактыларына күбө болсоңуз “102” номуруна же ЖКККББнын (0777) 102-102 “WhatsApp” номуруна тезинен кабарлап койсоңуз болот.

https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=313&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Fguobdd.kg%2Fvideos%2F3621918411471972%2F&show_text=false&width=560&t=0

Related posts

Ысык-Көл облусундагы баасы 1 млрд. сомдон ашкан «Симирам» эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды.

admin

Депутат Нилуфар Алимжанова уулдуу болду

admin

Кыргызстандыктар Нооруз майрамына карата 4 күн катары менен эс алышат 

admin

Комментарий