ТИМ кыргызстандыктарга Ливандан чыгып кетүүнү сунуштады

Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгышта аскердик-саясий абалдын туруксуздугуна жана палестина-израиль жаңжалынын андан ары курчушуна байланыштуу Кыргыз  жарандарына Ливандан чыгып кетүүнү жана ошондой эле чыр-чатакка кабылган Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө баруудан баш тартууну сунуштады. Бул тууралуу ТИМдин сайтында айтылат.

«Ошону менен бирге министрлик Израилде жүргөн Кыргыз жарандарын азыркы учурда каттап жаткан туруктуу каттамдар менен барган өлкөнүн чегинен тышкары чыгып кетүүгө чакырат. Министрлик күтүлбөгөн кырдаалдарда жана шашылыш суроолор келип чыкканда, түз байланыш телефонуна кайрылууну эскертет», — дешти.

Түз байланыш номур+996 999 312 002.

Related posts

Садыр Жапаров Талас облусуна жумуш сапары менен барат

admin

Депутат: «Биз өстүргөн кулпунайдын баасы түшүп жатат»

admin

Бишкекте аялдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады

admin

Комментарий