ТИМ: Кыргызстандын 744 жараны Украинанын аймагынан чыгарылып, анын 556сы Бишкекке алынып келди 

Быйыл жарым жылда Тышкы иштер министринин элчиликтери менен консулдук кызматтары кыргызстандыктарга 80 миңден ашуун кызмат көрсөтүлдү. Бул тууралуу 27-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында ал кызматтардын катарына паспорт берүү, справка, тил кат жана башка кызматтар кирет.

Кулубаевдин маалыматы боюнча, быйыл январда Казакстандагы окуялар маалында тышкы иштер министрлиги 300дөн ашуун кыргызстандыктарды коңшу мамлекеттен алып чыкты. Негизинен алардын көпчүлүгү Алматы жана Чымкент шаарларынан алынып кетилди.

Украинадагы согуш маалында Кыргызстандын 744 жараны Украинанын аймагынан чыгарылып, анын ичинен 556 жаран Бишкекке алынып келди.

2021-жылдын 1-январынан 20-июнга чейинки аралыкта чет мамлекеттерде каза болгон Кыргызстандын 292 жаранынын сөөгү Бишкекке жана Ош шаарына жеткирилди. Бул үчүн республикалык бюджеттен 27,7 млн. сом төлөнүп берилди.

Булак: Азаттык

Related posts

Жогорку Кеңеште административдик-аймактык реформага байланышкан мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды

admin

КР УКМК: КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кармалды

admin

Баткендеги капчыгайда дайынсыз болуп жаткан орусиялык альпинистти издөө иштери башталды

admin

Комментарий