Криминалдык авторитет Адилет Касенов да эркиндикте. Буга ден соолугу себеп болгон

Криминалдык авторитет Адилет Касенов учурда үй камагында. Буга чейин ал УКМКнын тергөө абагында камакта болчу.

Биринчи май райондук соттун басма сөз кызматы 5-октябрда билдирген маалымат боюнча, анын баш коргоо чарасы сентябрь айында каралган. Жыйынтыгында ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Буга Касенов камакка алынганга чейин инсульт дартына чалдыкканы негиз болгону айтылат.

Криминалдык лидер К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү 2023-жылдын 23-майында кармалганын УКМК билдирген. Расмий маалымат боюнча, кармалгандар көп жыл бою Кыргыз Республикасынын ишкерлеринен жана жарандарынан Кытайдан алып келген товарларын тартып алып жүрүшкөн.

Иш УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) 4-бөлүгү менен козголгон. Камакка алынгандардын арасында А.Касенов да болгон.

Related posts

Кыш бүттү, куртканын кереги жокпу? Бишкекте канализацияга куртка тыгылып калган

admin

Өлкөдө 25-октябрдан тарта көмүрдүн баасына убактылуу көзөмөл киргизилет

admin

Бишкекке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келди 

admin

Комментарий