Тоңдо аксакал 60 жаш тоюн бербей, окуучуларга китеп сатып берди

Тоңдо аксакал 60 жаш тоюн бербей, окуучуларга китеп сатып берди. Бул тууралуу соцтармакта жазылды.

«Тоң районуна караштуу Коңур-Өлөң айылындагы Киреше Иманалиев атындагы мектепке Рысбек Мусабаев байкебиз 60 жашка толуп, бирок алтымыш жылдык той бербей, Түркияда иштеген уулу менен бирге демилге көтөрүшүп, тойго кетүүчү каражатты соопчулук үчүн, келечек муун окуучулар үчүн 5000 доллар өлчөмүндө 1-11-класстарга жетишпеген 500 китеп, маданий иш-чаралар үчүн 2 чоң колонка, микрофондору менен, 4 доска, мугалимдер үчүн диван, салттуу коңгуроонун ордуна «комуз күүлөрү» программасын орноттуруп беришти», — деп жазылат билдирүүдө.

Related posts

Кыргызстан Түркияга 63 куткаруучусун жөнөттү 

admin

Ырчы Жонни ата статусуна ээ болду

admin

Ысык-Көлдө кыш чыгаруучу заводдун курулушу каржыланды

admin

Комментарий